Дүйнөдө байлар байып, кедейлер кедерине кетти
![Дүйнөдө байлар байып, кедейлер кедерине кетти](https://gdb.rferl.org/98139292-CFD3-4337-92EB-87B3BCA0B094_w800_h450.jpg)
Дүйнөдө 2017-жылы жаралган байлыктын ар 5 долларынын 4ү жалпы калктын бир гана пайызын түзгөн "чириген" байлардын капчыгын толтурду. Дүйнө калкынын жарымынан көбү былтыр куржалак калды. "Oxfam" уюму мындай бүтүмүн Давостогу дүйнөлүк экономикалык форумдун ачылышын утурлай жарыялады.