Лондондо миңден ашуун адам коопсуз жайларга көчүрүлдү
23-январга караган түнү Британиянын баш калаасы Лондондун борборундагы көчөлөрдүн биринде чыккан газдан улам ал жактагы мейманканадан жана түнкү клубдан 1450дөй киши коопсуз жайларга көчүрүлдү.
Атайын кызматтар саат түнкү экилер чамасында газдын Крейвен Стрит (Craven Street) көчөсүндө, жер алдынан чыгып жатканын аныкташкан.
Лондондун Өрт өчүрүү кызматы кабарлагандай, окуя болгон жерге эки өрт өчүрүүчү автоунаа жана жыйырмадай куткаруучу барды.
Жабыркагандар тууралуу кабарланган жок.
Калаанын темир жол кызматы эки метро станциясы убактылуу жабылганын билдирди.
Полиция айдоочуларды жана жалпы эле жай тургундарды шаардын бул бөлүгүнө барбай турууга "Твиттердеги" баракчасы аркылуу чакырды.