Астанада суукта үшүк алып ооруканага кайрылгандар отузга жетти
Казакстандын баш калаасы Астанада үшүк алып ооруканага кайрылгандар 30ду чамалаганын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Ызгаардан улам Астана, Костанай шаарларында, Түндүк Казакстан, Чыгыш Казакстан, Павлодар жана Караганды облустарында бала-бакча, мектептер жабылды.
Колледждердин биринчи, экинчи курсунда окугандар да сабакка барбай турган болду.
Өткөн түнү бул аймактарда аба ырайы -38 градуска түштү. Казгидромет 26-январга чейин өлкөнүн айрым жерлеринде сууктун күчү күндүз -35, түнкүсүн -45 градуска чейин жетет деп билдирүү таратты.
Өкмөт башчы Бахытжан Сагинтаев жетекчилерге аяздан коргонуу чараларын күчөтүүнү, кан жолдордун боюна жолоочулар үчүн жылынып, ысык тамак иче турган убактылуу жайларды уюштурууну тапшырды.