Түштүк Африкалык жаз музыкасынын легендасы Хью Масакела көз жумду
Түштүк Африка Республикасында 78 жаш курагында жаз музыканты Хью Масекела көз жумду. Бул тууралуу 23-январда өлкөнүн маданият министри Нати Мтетва өзүнүн "Твиттердеги" баракчасы аркылуу кабарлады.
"Хью афро-жаздын улуу архитектору болгон деп айта алабыз" - деп жазды министр.
"eNCA" телеканалы музыканттын жакындарына таянып Масекела рак илдетинен көз жумганын маалымдады. Ал бул илдет менен 2008-жылдан бери күрөшүп келген.
"Түштүк Африка жазынын падышасы" деген наамга татыган Масекела 1939-жылы 4-апрелде Витбанк (азыркы аты Эмалахлени) шаарында жарык дүйнөгө келген.
Ал апартеидге (Түштүк Африкадагы саясий расизм) каршы күрөштү колдогон чыгармалары менен атагы чыккан.
Музыкант АКШ менен Британияда да концерттерин коюп келген. Кошмо Штаттарда ал 1967-жылы "Up,Up and Away" деген поп-жаз багытындагы чыгармасы менен таанылган.
Масекела Ботсванада эл аралык музыкалык мектепти негиздеп, өмүрүнүн акыркы жылдарында кайрымдуулук менен алектенип жүргөн.