Виктор Ан менен Антон Шипулин Олимпиадага катышпайт
Орусиялык кыска аралыкка коньки тебүү боюнча Олимпиада чемпиону (шорт- трекчи) Виктор Ан, биатлонист Антон Шипулин жана лыжачы Сергей Устюгов Пхёнчханда өтө турган кышкы Олимп оюндарына катышпайт.
Бул тууралуу 22-январда Эл аралык Олимпиада комитети оюндарга катыша турган орусиялык спортчулардын тизмесин жарыялаганда маалым болду. Ал тизмеде аталган үч спортчу болгон эмес.
Бул маалыматты Орусиянын Олимпиада комитети да ырастап, бирок спортчулар кайсы негизде катышпай калганы белгисиз экенин айтышты. Комитеттин биринчи вице-президенти Станислав Поздняков аталган спортчулар эч кандай допинг чуусуна мурда-кийин аралашпаганын билдирип, буга байланыштуу Эл аралык Олимпиада комитетине расмий кат жолдонгонун кошумчалады.
Түштүк Кореяда туулуп-өскөн Ан өз мекени үчүн Турин Олимпиадасында үч алтын уткан. 2011-жылы Орусиянын курамасына өтүп, Сочиде дагы үч алтын медаль алган болчу. Эл аралык Олимпиада Комитети дал ошол Сочиде жана башка да спорт мелдештеринде допинг колдонгон деп, Орусия курамасын Пхенчхан Олимпиадасынан четтеткен.
Кызытма колдонбогону далилденгендерине нейтралдуу желек алдында катышууга уруксат берилген. Анткен менен Эл аралык Олимпиада комитети кызытма колдонгон эмес деген 500 спортчунун тизмесин да 389га чейин белгисиз себептерден улам кыскартып салды.
Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында кышкы Олимпиада оюндары 9-февралда башталат.