Давосто Дүйнөлүк экономикалык форум башталды
Швейцариянын Давос курортунда 23-январда Дүйнөлүк экономикалык форум башталды. Уюштуруучулардын айтымында, төрт күндүк жыйын маалында күн сайын 100дөй жолугушуу жана талкуу өткөрүлөт.
48-ирет өтүп жаткан быйылкы салттуу форум “Бөлүнүп-жарылган дүйнөдө орток келечек түзүү” деген ураан менен өтүүдө.
Ага 60тан ашык мамлекет башчы келген, арасында АКШнын президенти Доналд Трамп да бар. Жыйынга ошондой эле жүздөгөн алдынкы компаниянын жетекчилери, илим адамдары, жарандык коом өкүлдөрү, эксперттер, дүйнө экономикасын башкарган элита катышат. Форумда экономикалык өсүш, айлана-чөйрөнү коргоо, терроризм, жасалма интеллект, Африканын келечеги өңдүү маселелер козголмокчу.
Коопсуздукту камсыз кылууга 4300 полиция кызматкери тартылды.
Салт боюнча Давосто “дүйнөнү жакшыртууга” кошкон салымы үчүн маданият жана искусство ишмерлерине сыйлыктар тапшырылып келет. Бул жолу лауреат наамына америкалык актриса Кейт Бланшет, индиялык актер Шахрух Хан жана британ ырчысы Элтон Жон татыды.