Хабибди курчаган кыргыз мушкерлери, жаңырган оркестр. UFC жылдызын кантип тосуп алышты
Россиялык UFC жылдызы Хабиб Нурмагомедов Бостон (АКШ) шаарынан атасы Абдулманап Нурмагомедов менен саат 19:00до эл аралык "Манас" аэропортуна келип конду. Аны КРдин Улуттук олимпиада комитетинин өкүлдөрү, журналисттер жана күйөрмандары тосуп алышты.