Кентукки штатында өспүрүмдүн огунан эки бала набыт болду
![Кентукки штатында өспүрүмдүн огунан эки бала набыт болду](https://gdb.rferl.org/23E6FDF2-8640-4F69-8D05-97D4ACF36576_w800_h450.jpg)
Штаттын Бентон шаарчасында он беш жаштагы өспүрүм классташтарын аткылаган. Кентуккинин губернатору Мэтт Бевин атайын чакырылган маалымат жыйынында билдиргени боюнча, мындан 15 жаштагы кыз окуя болгон жерден жан берип, бир бала алган жаракатынан ооруканада көз жумган. Жалпысынан 17 киши жабыркап, 15 окуучуга ок тийген.
Ок чыгарган окуучу кармалды. Азырынча аны мындайга эмне түрткөнү белгисиз. Полициянын маалыматы боюнча, ок чыгарган өспүрүмгө адам өмүрүнө кол салуу жана киши өлтүрүү боюнча айыптар тагылышы ыктымал.
2013-жылдан бери АКШ мектептеринде курал колдонулган 283 зомбулук катталган.