Сууктан улам мектептерди убактылуу жабуунун шарттары аталды
![Сууктан улам мектептерди убактылуу жабуунун шарттары аталды](https://gdb.rferl.org/7F8CDCFB-072A-4C15-A70E-8333127FFF31_cx0_cy7_cw0_w800_h450.jpg)
Билим берүү жана илим министрлиги мектеп жетекчилерине класстардагы абанын температурасын өлчөп, окуучулардын саламаттыгы жөнүндө улам маалымдап турууга буйрук берди.
Мекеменин маалымат кызматынын өкүлдөрү кабарлаганына караганда, суук түшкөнүнө байланыштуу бул тууралуу чукул телефонограмма бардык шаардык жана райондук билим берүү башкармалыктарына жөнөтүлдү.
“Санитардык-эпидемиологиялык департаменттен тиешелүү жазма буйрук келсе министрлик окуу процессин убактылуу токтотуу тууралуу чечим кабыл алат” деп айтылат мекеме тараткан билдирүүдө.
Андай жазма буйрукка мыйзамда көрсөтүлгөн нормативдер негиз болорун бүгүн “Азаттык” радиосуна Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин өкүлү Мария Кушубакова айтып берди:
- Бизде мектептер жана бала бакчалар боюнча санитардык норма бар. Абанын температурасы класста +18 градустан төмөн эмес, +22ден жогору эмес болушу керек. +18ден төмөн болуп, балдардын респиратордук оорусу көбөйсө биз мектепти убактылуу жабуу тууралуу сунуш беребиз.
Ушул эле мекеменин маалыматына караганда, окуучулардын 30% көбү ооруп, сабакка келбей жатса карантин жарыяласа болот.
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 26-29-январда өлкөдө суук күчөп, күндүз Бишкекте абанын температурасы -16га чейин төмөндөрүн, айрым тоолуу аймактарда -30 болорун эскертти. (RK)