Порошенко АКШ чабарманы менен өлкө чыгышындагы абалды талкуулады
Украинанын президенти Петр Порошенко Киевде АКШнын Украина боюнча атайын чабарманы Курт Волкер менен жолугуп, өлкөнүн чыгышындагы абалды талкуулады. Порошенконун расмий сайтына чыккан маалыматта жолугушууда Минск келишимин аткарууда прогресс болбой жатканына байланыштуу тараптар “абдан кооптонуу” билдиришкени айтылды.
Волкер Twitter'деги баракчасына Порошенко менен маанилүү сүйлөшүү болгонун, ушул аптада Дубайга барып орусиялык дипломаттар менен жолугушууларды өткөрөрүн жазды. Украинанын чыгышындагы атышууну токтотуу жана “орусиялык оккупация аскерлерин Украинадан чыгаруу” “абсолюттук артыкчылык” экенин белгиледи.
2014-жылдан бери Киев өлкөнүн чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарындагы Орусия колдогон жикчилдерге каршы күрөшүп келе жатат. Москва Украинанын ички иштерине кийлигишпегенин айтууда.
2016-жылы Эл аралык кылмыш соту бул жаңжалды “Украина жана Орусия ортосундагы эл аралык куралдуу конфликт” деп атаган.
Төрт жылдан бери бул согуш 10 300 адамдын өмүрүн кыйды, 1,6 миллион адам үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болду. (RK)