ИИМ: Машине уурдоого министрдин орун басары Абдыкаровдун катышы жок
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Орусиядан уурдалган кымбат баалуу машинелердин Кыргызстандан табылышына "министрдин орун басары Данияр Абдыкаров жана анын кол алдындагылардын катышы бар" деген маалыматты четке какты. Мекеме тараткан билдирүүдө "бул маалымат коомчулуктун алдында ички иштер органдарынын кадыр-баркын түшүрүү максатында даярдалган" деп айтылат.
Ошондой эле Абдыкаровду сындады деген Арсланбек Тойдиев аттуу жаран өзү байланышка чыгып арыз жазганы, анын атынан белгисиз бирөөлөр интернетте жалган маалымат таратканын жана макалага тиешеси жоктугун айтканы белгиленген.
ИИМ 19-январда Орусиядан уурдалган кымбат баалуу 45 автоунаа Кыргызстандан табылганын жана алардын VIN-коду өзгөртүлгөнүн жарыялаган. Машинелердин качан кармалганын тактаган эмес. Орус жарандарынан түзүлгөн кылмыштуу топ Орусиянын аймагынан автоунааларды айдап качуу менен алектенерин, анын курамында Кыргызстандан барган жарандар да бар экенин кошумчалаган. Алар жасалма документтер менен мыйзамсыз түрдө машинелерди Казакстанга, андан кийин Кыргызстанга айдап келишип, жасалма документтерди мыйзамдаштырып, даярдап келгенин кабарлаган.
Фактылар боюнча кылмыш иштери козголуп, 19 шектүү аныкталганы, арасында жооптуу кызмат ээлегендер да бардыгы, дагы он бир адам сот чечими менен камакка алынып, үч кишиге издөө жарыяланганы белгилүү болгон.
Бул кабардан кийин 23-январда telegra.ph сайтында Арсланбек Тойдиев аттуу жарандын "Менин өлүмүмө министрдин орун басары Абдыкаров күнөөлүү болот" деп аталган билдирүү жарыяланган. Анда издөө жарыяланды деген үч кишинин катарында Тойдиев да бардыгы, милиция кызматкерлери анын көзүн тазалоого кызыкдар болгондуктан өмүрү коркунучта экени жазылган. ИИМдин кылмышка аралашкан аткаминерлердин саны экөө эле деген маалыматы чындыкка дал келбей турганы, эгерде парламенттин, өкмөттүн жана министрликтин машинелерин текшерсе көп мыйзам бузуулар ачыкка чыгары маалымдалган. (NT)