Кызылчаны жуктургандардын саны 12ге жетти, доктурлар сак болууга чакырууда
Кыргызстанда доктурлар ата-энелерди кызылчадан этият болууга чакырууда. Иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысованын “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, быйыл жыл башынан бери өлкөдө 12 бала кызылча жуктуруп, ооруканага түштү.
Дарыгерлер аларга оору Орусиядан келген эмгек мигранттарынын балдарынан жуккан деп жатышат.
“Москвада төрөлүп, ошол жакта жашаган бир нече бала ата-энеси менен Жаңы жыл алдында Кыргызстанга келген. Алар көк жөтөл диагнозу менен ооруканада дарыланган. Кызылча ооруканадагы башка балдарга дагы жуккан” деп билдирди Ишенапысова.
Кызылча жукканда адамдын температурасы жогорулап, денесине кызыл тактар чыга баштайт. Дарыгерлер мындай белгилер пайда болор замат бейтапканага кайрылуу керектигин айтууда.
Илдет дем алганда аба аркылуу, негизинен толук эмделбегендерге жугат. Эмделген жана мурда ооругандарга жукпайт.
Кыргызстандын Улуттук эмдөө календары боюнча балдар кызамыкка каршы бир жана алты жашында эмделет. (BCh)