Ала-Букада шамалдан жабыркагандар камсыздандыруу каражатын алышты
![Ала-Букада шамалдан жабыркагандар камсыздандыруу каражатын алышты](https://gdb.rferl.org/38BCD47D-4FBB-43F9-89F6-6127B50EBB4D_cx0_cy19_cw0_w800_h450.jpg)
Ала-Бука районундагы Көк-Серек айылындагы катуу шамалдан турак жайларынын чатыры бузулган 20 адамга Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы 5 миңден 50 миң сомго чейин акча берди.
Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, жабыркагандарга акчанын сертификатын аталган мекеменин жетекчиси Жумагүл Эгембердиева тапшырып, элди турак жайларын камсыздандырууга чакырды.
Былтыр 27-декабрда Ала-Бука районунда ылдамдыгы секундуна 30 метрге жеткен катуу шамал болгон. Андан 530 үйдүн жана 17 социалдык объектинин чатыры зыян тарткан. (RsK)