Кенекеев: Быйыл 150 айылда таза суу маселеси чечилет
Кыргызстанда 650дөн ашык калктуу конушта таза суу көйгөйү бар. Быйыл 150 айылдын суу маселеси чечилет. Негизинен мурда курулуштар башталып, бирок каржы тартыштыгына байланыштуу токтоп калган айылдарда иш аягына чыгарыларын вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев 25-январда Жогорку Кеңештеги талкууда билдирди. Анын айтымында, калкты таза суу менен камсыз кылуу долбоорлоруна тышкы инвестицияларды тартуудан тышкары, республикалык бюджеттен да каражат каралууда. Ага жалпы 24 миллиард сом зарыл.
Парламент кечээ "Калктуу конуштарды таза суу менен камсыз кылуу жөнүндө” былтыр 23-ноябрда берилген тапшырманын аткарылышын талкуулап, депутаттардын суроолоруна вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев баштаган өкмөт өкүлдөрү жооп беришти.
Өкмөт Айылдарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги - АРИС менен биргеликте "Ала-Тоо булагы" деп аталган долбоорду өткөн аптада жарыялаган. Ал "Таза суу" долбоорунун ордуна иштей турганы айтылган.
2001-жылы башталган “Таза суу” долбоорунун биринчи этабы 2009-жылы жыйынтыкталып, 500дөн ашык айылга суу түтүгү киргизилген. Бирок долбоорлоо иштери, тендер өткөрүү, суу түтүктөрүн коюуда коррупция орун алып, миллиондогон каражат кымырылып кеткени белгилүү болгон. Мындан улам Азия өнүктүрүү банкы каржылоону токтотуп койгон. Бирок ушу кезге чейин кемчиликтерди кетирген бир да ишкана, мекеме же жаран жоопко тартыла элек.
Долбоор 2011-жылга чейин колдон колго өтүп, алгач Айыл чарба министрлиги, андан кийин Жергиликтүү өз алдынча башкаруу улуттук агенттиги, Жаратылыш ресурстары министрлиги, Суу чарба мамлекеттик комитети көзөмөлдөп турган. 2012-жылы АРИС уюмуна өткөн. Аталган уюм долбоор 2014-жылы ийгиликтүү аяктагандыктан, эл аралык донорлор Кыргызстанга ишенип, акча бөлүп жатканын маалымдады.
Кыргызстанда жалпы 1813 айыл бар. (NT)