Кыргызстандыктарды Түштүк Кореяга мыйзамсыз жөнөткөн жаран кармалды
Кыргызстандык эки жигитти Түштүк Кореяга мыйзамсыз жиберген деп кармалган шектүү Жети-Өгүз районунун 25 жаштагы тургуну болуп чыкты.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, шектүүнүн үстүнөн 44 жаштагы аял даттанган. Ал Улан аттуу адам баласынын жана досунун ишенимине кирип, Түштүк Кореяга баруу үчүн виза жасап берүүнү убада кылганын айткан. Алардан 2450 доллар алып, бирок экөөн тең Түштүк Кореяга мыйзамсыз жөнөтүп койгонун билдирген. Бул арыздын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси ("алдамчылык") боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Анын башкаларды да чет өлкөгө мыйзамсыз жөнөтүү боюнча кылмыш иштерине тиешеси бар-жогу иликтенип жатат.
Кыргызстандыктарды Түштүк Кореяга мыйзамсыз кетирген фактылар 2017-жылдын февралында ачыкка чыккан. Аталган өлкөгө барып иштөө максатында аты-жөнүн корейче өзгөртүп, бирок шылуундарга алданып калган 20га чукул жаран Мамлекеттик каттоо кызматынын бир нече өкүлүн "документ жасашат" деп айыптап, "Азаттык" радиосуна кайрылышкан. Жабырлануучулардын дээрлик баары Кыргызстандагы этникалык корейлер менен формалдуу никеге туруп, ысымдарын корейче өзгөртүшкөн. Укук коргоо органдары бул окуялар боюнча кылмыш ишин козгогон. (NT)