Эрдоган Түркиянын чегин "террорчулардан" тазалоого убада берди
Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Түркия Сирия менен бүтүндөй чек арасын "террорчулардан" тазалайт деп убада берди. Ал мындай сөзүн 28-январда өзүнүн "Адилет жана өнүгүү" партиясынын Амасия шаарындагы жыйынында айтты.
Эрдоган чек ара согушкерлерден толук тазалагандан кийин учурда Түркияда жүргөн сириялык качкындар өз мекенине кайтса болоорун кошумчалады.
Түрк армиясынын Сириянын түндүк-батышындагы Африн аймагында жүргүзүп жаткан аскердик операциясы экинчи жумага аяк басты. Эрдогандын жекшембидеги билдирүүсүнөн бир аз мурда түрк аскерлери жана алардын тарабындагы сириялык жоочулар стратегиялык Бурсая дөңсөөсүнөн күрт кошуундарын сүрүп чыгарганы белгилүү болду.
Бул дөңсөө күрттөр башкарган Африн анклавын Түркия көзөмөлдөгөн Азаз шаарынан бөлүп турат. Түркия күрт кошуундарын Афринден сүрүп чыгып, аймакта "коопсуз тилке" түзүүнү көздөп жатат.