"Эйр Манас" "кара тизмеден" чыгууга жол ачкан сертификат алды
Кыргызстандын "Эйр Манас" авиакомпаниясы Евробиримдиктин "кара тизмесинен" чыгууга жол ачкан сертификат алды. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин башчысы Курманбек Акышев "Азаттык" радиосуна билдирди:
-Аба транспорту боюнча эл аралык ассоциация (IATA) аудитинин жыйынтыгы чыкты. Текшерүүдөн жакшы өтүштү. Ушул айдын аягында дагы бир сертификат алышат. Ошону менен "кара тизмеден" чыгууга шарт түзүлөт.
Кыргызстандын авиакомпаниялары учактардын абалы, коопсуздугу боюнча Европа Биримдигинин "кара тизмесине" 2006-жылы илинген. Андан бери бир канча жолу жасалган аракеттен майнап чыккан эмес.
Учурда аталган "кара тизмеде" КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстандын гана авиакомпаниялары бар. (SE)