Жаш дизайнерлердин Бишкектеги таймашы
3-мартта Бишкекте жаш дизайнерлердин сынагы өттү. "Fashion industry 2018" деп аталган кароону өнөр жай тармагы боюнча "Легпром" ассоциациясы уюштурган.
3-мартта Бишкекте жаш дизайнерлердин сынагы өттү. "Fashion industry 2018" деп аталган кароону өнөр жай тармагы боюнча "Легпром" ассоциациясы уюштурган.
Кыргызстандын намысын коргой турган күч-кубатка эгедер спортчулар колдон чыгып кеткенин байкабай калабыз. Качан гана алар башка өлкөнүн желеги менен чыгып дүйнөнү багындырганда бармак тиштеп отуруп калабыз. Буга Казакстан алып кеткен Юрий Мельниченко, Жылдыз Эшимова жана Каныбек Сагындыковдор далил боло алат.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкек жылуулук электр борборун оңдоодо өзгөчө чоң суммадагы уурулук факты аныкталганын маалымдады. Кылмышка шектелип "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Бердибек Боркоев кармалды жана УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Атайын кызматтын 3-марттагы билдирүүсүнө ылайык, "Электр станциялары" ишканасынын айрым жетекчилери оңдоп-түзөө иштерине жасалма келишимдерди түзүп, компанияларга акча которгон. Бирок ЖЭБ оңдоо жумуштарын өз күчү менен жүргүзгөн. Читать дальше...
3-мартта Борбор Азиядагы Америка университетинин залында "Fashion industry 2018" деп аталган иш-чара өттү. Жеңил өнөр жай тармагы боюнча "Легпром" ассоциациясы уюштурган сынакта жаш дизайнерлердин 58 коллекциясы көрсөтүлдү. Мода иш-чарасында кийимдер төрт багытта сыноодон өттү: Этно-мода, Мегаполис - өндүрүш топтому, Эксклюзив - чыгармачыл топтом жана Авангард. Жеңүүчүлөр жекшембиде жарыяланат. Этно-стилде жеңүүчү болгондор сентябрда Чолпон-Атада өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында мода көрсөтүшөт. Читать дальше...
Почетный консул Федеративной Республики Бразилия в Кыргызской Республике Аскар Салымбеков стал кавалером государственной награды Бразилии — ордена Рио Бранко. Решение о награждении А.Салымбекова было принято в Бразилии на ежегодном собрании Совета ордена Рио Бранко, который собирается под председательством президента страны. Орден был присужден Аскару Салымбекову за вклад в развитие торгово-экономических и культурно-гуманитарных отношений между Кыргызской Республикой и Бразилией, а также […]
Отуз жаштагы Айтургандын үч баласы бар жана учурда кош бойлуу. Биринчи күйөөсү автокырсыктан каза болгондон кийин экинчи жолу турмушка чыккан. Бирок аракка берилген күйөөсү сабап, кыш чилдеде көчөгө кууп чыгып, азыр "Сезим" кризистик борборунда убактылуу баш калкалоодо. Өзүнүн жана балдарынын документтерин жоготуп, айласы куруган Айтурган менен кабарчыбыз сүйлөшүп келди.
Баткен районундагы Сай айылынын 400 окуучусу үч нөөмөт менен бир өңүрү бузулуп, ураганы турган мектепте окуп жатышат. Курулушу 2014-жылы башталган жаңы мектеп бүтпөй, экинчи кабаттын кыштары урай баштады.
Башкы прокуратура Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн эки кызматкерине кыйноо фактысы боюнча айып тагып, ишин сотко жиберди. Учурда Свердлов райондук сотунда ушул эле Аламүдүн милициясынын кызматкерлери кыйноо боюнча шектүү болуп, бир нече иш каралууда.
Кыргызстандын аймактарында жергиликтүү бийликтер 3-март - Туу күнүнө карата жөө жүрүш уюштурушту. Бишкек мэриясы да датага байланыштуу салтанат уюштурду.
Кыргызстанда туруксуз аба ырайы 9-мартка чейин сакталып, тоолуу жолдордо кар көчкү коркунучу бар. 4-мартта түнкүсүн кээ бир тоолуу райондордо бир аз кар жаайт. Күндүз тоо этектерине кар түшөт, айрым аймактарда кыска мөөнөттүү жамгыр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9, күндүз тоолорго жакын жерлерде 20 метрге чейин жетет. Абанын табы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4...+1, күндүз +6...+11; Талас жергесинде түнкүсүн -4...+1, күндүз +6...+11; Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0...+5... Читать дальше...
Украинанын парламентинин алдына чатыр тигип, коррупцияга каршы олуттуу чара көрүүнү талап кылып отурган активисттердин арасынан жүз чамалуу кишини полиция кармап кетти. Полициянын басма сөз кызматы билдиргендей, 3-мартта өткөн рейд учурунда тартип сакчылары менен активисттер кагылышкан. Андан соң орган кызматкерлери ондогон адамдарды кармап кеткен. Кагылыш маалында алты активист жана төрт полиция кызматкери жарадар болду. Алар күйүк жана башка жарааттар менен ооруканага жеткирилген. Расмий маалыматтарга караганда... Читать дальше...
Ооганстандын баш калаасы Кабулдагы жардырууда бир адам набыт болуп, 22 киши жараат алды. Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер министри Нажиб Даниш билдирди. Ооган медиасы кабарлагандай, 2-мартта Австралиянын элчилигинин жанында жанкечти өзүн жардырган. Австралиянын тышкы иштер министри Жули Бишоп дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери жабыркабаганын маалымдады. Кол салуу чет элдик күчтөрдүн аскер кербенине каршы уюштурулганы айтылууда. Азырынча жардыруу үчүн эч бир топ жоопкерчилик ала элек.
Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында эркин күрөштөн Эламан Догдурбек уулу жана Айбек Усупов коло байге үчүн күч сынашат. Бүгүн, 3-мартта эркин күрөш боюнча беш салмак категориясында байгелер ойнотулуп жатат. 70 килограмм салмакта килемге чыккан Эламан Догдурбек уулу чейрек финалда кытайлык Менгежиган Менгежиганды 9:0 эсебинде жеңди. Жарым финалда өзбекстандык Ихтиёр Наврузовго утулду (2:5). Алдыда коло байге үчүн индиялык Кумар Омпракаш менен таймашат. 97 килограмм салмакта күрөшкөн Айбек Усупов үч беттеш өткөрдү. Читать дальше...
Кыргызстанда 2013-жылы кабыл алынган мыйзам боюнча, дарыгерлер, медициналык кызматкерлер биологиялык активдүү кошулмаларды жарнамалап, бейтапка сатууга тыюу салынган. Бул мыйзамды Саламаттык сактоо министрлиги дагы бир ирет эскертип, калкты этият болууга чакырды. Мындай кошулмалардын курамы фармацевтикалык анализге алынбагандыктан гормоналдык, уулуу же адам организмин алсыздантуучу химиялык заттар болушу мүмкүн. Дарыканалардагы биологиялык активдүү кошулмаларда лабораториялык анализден өткөнү тууралуу документ болушу керек. Читать дальше...
5-мартта Fresenius Medical Care Kyrgyzstan аттуу компаниянын ачылышы болот. Бул кеңсе Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына курула турган төрт жаңы диализдик борбордун курулушун баштайт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Кыргызстанда жасалма бөйрөк жабдууларын иштетүү мамлекеттик-менчик кызматташтык системасына өткөн. Мамлекеттик ооруканаларда диализ жабдыктары тартыш жана эски болгондуктан гемодиализге муктаждар менчик жайлардан тейленип, акысын мамлекет төлөп берүүдө. 2017-жылы бул багытта өкмөт тендер жарыялап... Читать дальше...
Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Салянова менен Фархат Иминовду мандаттан ажыратуу чечимин кабыл алды. БШКнын төрайымынын орунбасары Абдыжапар Бекматов "Азаттык" радиосуна билдиргендей, алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча жыйын 3-мартта болду. Тийиштүү токтом мекеменин сайтына жарыяланган соң күчүнө кирет. "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянованын мандаты соттолгону үчүн, "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты Фархат Иминовдуку өз арызынын негизинде алынды. Читать дальше...
Өзбекстанда 2019-жылдын 1-январынан тарта жергиликтүү жүзүмдөн даярдалган шарап алкоголдук ичимдиктердин катарынан чыгарылат жана айыл чарба азыктарынын катарына кошулат. Президент Шавкат Мирзиёев бул тууралуу токтомго 28-февралда кол койгонун расмий булактарга таянып, "Азаттыктын" өзбек кызматы билдирди. Андан тышкары жүзүм өстүргөндөр 2025-жылга чейин жер салыгынан жана башка төлөмдөрдөн бошотулат. Борбордук банк жүзүм өстүргөн багбандарга жети жылга насыя берет, анын беш жылы жеңилдетилген мөөнөт болуп саналат. Читать дальше...
Көгүлтүр от кризисин жоюу үчүн Украина бийлиги Европадан газ алуу көлөмүн көбөйтөт. Бул тууралуу президент Петро Порошенко айтканын "Интерфакс" кабарлады. 2-мартта Орусиянын "Газпром" компаниясынын башчысы Алексей Миллер Украинага газ жеткирүү боюнча келишимдерди токтотуу жараяны башталганын билдирген. Миллер муну Стокгольмдогу Арбитраждык соттун чечимине жооп экенин айткан. Анын алдында Украинанын энергетикалык "Нафтогаз" компаниясы Орусиянын "Газпрому" менен талашта утканы маалымдалган. 28-февралда... Читать дальше...
Өкмөт чет элдик жарандардын жумушка орношуусуна уруксат берүүнү жеңилдетүүнү көздөйт. Бирок бул чөйрөдө ансыз деле натыйжалуу көзөмөл жетишсиздик кылат.
Кыргызстандын аймактарында жергиликтүү бийликтер 3-март - Туу күнүнө карата жөө жүрүш уюштурушту. Жалал-Абадда эки миңден ашуун киши катышкан акцияда Ленин, Пушкин көчөлөрүн бойлой Кыргызстандын желегин көтөрүп өтүштү. Жалал-Абад мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, жергиликтүү бийлик башындагылар, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, студенттер, мугалимдер катышкан жүрүш борбордук аянтта аяктады. Аягында аскерлер 27 метр бийиктикке тууну көтөрүштү. Баткен шаарында жүздөгөн кишилер туу көтөрүп, майрам өткөрүштү. Читать дальше...
Ушул тапта Бишкекте күрөш түрлөрү боюнча Азия чемпионаты өтүүдө. Грек-рим күрөшү боюнча мелдештер 27-28 мартта өтүп, медалдын 10 комплектиси ойнотулган.
Кыргызстандын "Эйр Манас" авиакомпаниясы Евробиримдиктин "кара тизмесинен" чыгууга жол ачкан сертификат алды. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин башчысы Курманбек Акышев "Азаттык" радиосуна билдирди: -Аба транспорту боюнча эл аралык ассоциация (IATA) аудитинин жыйынтыгы чыкты. Текшерүүдөн жакшы өтүштү. Ушул айдын аягында дагы бир сертификат алышат. Ошону менен "кара тизмеден" чыгууга шарт түзүлөт. Кыргызстандын авиакомпаниялары учактардын абалы, коопсуздугу боюнча Европа Биримдигинин "кара тизмесине" 2006-жылы илинген. Читать дальше...
Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев Анкара шаарында конференцияга катышуу алкагында Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин Мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүк боюнча бирикмесинин жетекчиси Ихсан Шахин менен жолукту. Алар эки тараптуу кызматташтыкты, ооруканалардын инфраструктурасын жаңылоо маселелерин талкуулашты. Батыралиев Анкарада өтүп жаткан эл аралык медицина техниктеринин, фармацевттердин эл аралык конференциясына барган. Жыйын 1-3-мартта өттү. (BCh)
Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” өткөрүү пункту кеңейтилет Бул тууралуу вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев 3-мартта аталган пункттагы абалды текшерүү үчүн барганда билдирди. Анын айтымында, кеңейтүү иштерин жүргүзүү үчүн мамлекет ошол жерге жакын жайгашкан 35 турак жайды сатып алган: - Дагы үч турак жай боюнча соттук териштирүүлөр жүрүүдө. Сатылып алынган турак жайлардын орду "Достук" көзөмөл-өткөрүү бекетин жаӊылоо жана кеңейтүү үчүн пайдаланылат. Андан тышкары жолду кеңейтүү маселеси да каралууда. Читать дальше...
Өкмөт башчы Сапар Исаков "Таза жашоо" деп аталган улуттук өнөктүк боюнча элге кайрылуу жасады. Өкмөттүн маалымат кызматы 2-мартта тараткан видеокайрылууда премьер-министр алдыдагы айларда кыргызстандыктар көрктөндүрүү, таштанды тазалоо иштери менен алектенерин айтты. - Мен бүгүн жарыялап жаткан улуттук "Таза жашоо" өнөктүгү буга чейинки ишембиликтерден айырмаланат. Саамалыкка ар ким өз ыктыяры менен катышат. Өлкөбүздүн экологиясына кайдыгер карабаган, жаңы экологиялык маданий жараянга кошулууну каалаган... Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости