Баткенде өрүк көчөттөрү кымбаттады
Баткенде жазгы талаа жумуштары башталып, мөмөлүү бактардын көчөттөрү сатыкка чыкты.
Өткөн жылга салыштырмалуу быйыл өрүк көчөттөрү үч эсе кымбат сатылууда. Былтыр даанасы 10 сомдон 50 сомго чейин болсо, азыр 100 сомдон 150 сомго чейин бааланып жатат. Багбандар тажикстандык кардарлардын көбөйгөнү баанын кымбатташына себеп болгонун айтып жатышат.
Алма көчөттөрү сортуна жараша 80-100 сомдон, алмурут 150 сомго чейин, гилас (алча) 100 сомдон бааланууда.
Баткен обулсунда 100дөн ашык мөмөлүү дарактардын көчөтүн даярдаган жайлар бар. Былтыр миллиондон ашуун көчөт сатылган. (JsA)