Жекшембидеги жол кырсыктарында беш адам каза болду
Бишкек-Ош жолунда 4-марттагы аварияда төрт адам жашоо менен кош айтышты. Арасында 11 жаштагы бала да бар. Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, Scania үлгүсүндөгү жүк унаасы менен Тoyota Ist жеңил машинеси кагылышкан. Маалыматта жеңил автоунаа каршылаш тилкеге чыгып кеткени айтылууда. Каза тапкандар ошол машинеде болушкан.
Ушул эле күнү Чүй облусунун Токмок шаары менен Кемин районунун ортосундагы айланма жолдо унаалар кагышып, бир адамдын өмүрү кыйылды. Ондон ашуун адам жараат алып, ооруканага жеткирилгенин күбөлөр маалымдашты. Кабарга караганда, жүргүнчү ташыган кичи автобус Балыкчыдан Бишкекке келе жатып, жүк ташуучу унаа менен кагылышкан.
Былтыр Кыргызстандагы жолдордогу аварияларда 800дөн ашуун адам набыт болгон.