Бюджеттик мекеме-ишканаларда иштебегендерге ипотекалык насыя бериле элек
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрага орун басары Нуржигит Үсөнакун уулу "Азаттык" радиосуна билдиргендей, бюджеттен каржыланбаган мекеме-ишканаларда иштегендерге жана башка жарандарга насыя берүү үчүн чет элдик донорлор азырынча акча бере элек. Каражат Кыргызстандын эсебине которулгандан кийин мамлекеттик ипотека алууну каалаган бардык жарандарга тегиз насыя бериле баштайт:
- Немис өнүктүрүү банкынан 11 миллион евро тартуу маселеси жакында оңунан чыкканы турат, тиешелүү иштер аяктап калды. Бул - быйыл бүткөрүлө турган иштер. Мындан тышкары башка эл аралык каржы уюмдары менен да иштеп жатабыз. Азырынча тыянак чыга элек.
Нуржигит Үсөнакун уулунун маалыматына караганда, ушу тапта "Арзан турак жай" программасына катышуу үчүн Кыргызстан боюнча 6 миңден ашык киши арыз берип, тизме банктарга жөнөтүлгөн. Аталган программа кабыл алынган 2,5 жыл аралыгында 2400дөй киши жалпы суммасы 2,5 миллиард сомдон ашык насыя алган.
Кыргыз өкмөтү 2015-жылы мамлекеттик мекемеде иштегендерди үй менен камсыздоо максатында атайын программа кабыл алган. Бирок насыянын шарттарынан улам аны ала тургандар аз болгон. Ошол себептен өкмөт былтыр мамлекеттик эмес мекемеде иштегендерге да насыя берүүнү чечкен. Ал Германиянын 11 миллион евро грантынын эсебинен берилмей болгон. (NT)