Жөлөк пулга байланыштуу мыйзам сотто каралат
Бүгүн Бишкек шаардык соту мамлекеттик жөлөк пулга байланыштуу жарандык активист жана адвокат Нурбек Токтакуновдун арызын карайт. Активист мыйзам кабыл алып, кайра анын аткарылышын үч айга жылдыруу боюнча жаңы мыйзам долбоорун сунуштоо менен элдин укугу жана мыйзам бузулуп жатканын айтып өкмөттү сотко берген.
- Бизде Конституцияда жазылган, бөтөнчө элге тиешелүү чечимди эл менен талкуулаш керек. Бийлик талкуулабайт, эл да ошону талап кылбайт. Окуя бүткөндөн кийин гана көчөгө чыгып, кыйкырып баштайт. Талашып-тартышып кабыл алынган чечимдин аткарылышы да жеңил болот.
Токтакуновдун белгилешинче, буга чейин райондор аралык сот бул ишке анын тиешеси жок деп ишти кароодон баш тарткан.
"Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамга быйыл июлда ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Документ 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирмек. Анда жаңы төрөлгөн бардык ымыркайларга 4 миң сомдон сүйүнчү, үч жашка чейинки балдарга ай сайын 700 сомдон берүү каралган. Ошондой эле үчтөн көп балалуу үй-бүлөлөргө алар 16 жашка толгонго чейин айына 500 сомдон жөлөк пул чегерүү камтылган.
Бул айда өкмөт “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамдын мөөнөтүн үч айга артка жылдырууну Жогорку Кеңешке сунуш кылган. Мыйзам колдоо тапса, жөлөк пулду жаңы мыйзамдын негизинде төлөө кечеңдейт. Бирок сүйүнчү пул төлөнө берет.
Жогорку Кеңеш 7-мартта “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзам долбоорду кароодон баш тарткан. Бирок айрым депутаттар "мыйзам чийки жана коомдук талкуудан, комитеттерден өткөн эмес" деп сындап чыгышкан болчу. Натыйжада мыйзам долбоору күн тартибине киргизилген эмес.(КЕ)