Бишкекке жылуулук берүү токтойт
![Бишкекке жылуулук берүү токтойт](https://gdb.rferl.org/2D078D3E-E1BD-45E1-8B47-69EACA14073F_w800_h450.jpg)
Бишкек шаарына борбордук системадан жылуулук берүү бүгүн, 22-мартта токтотулат. Буга байланыштуу буйрукка калаа башчысы Албек Ибраимов өткөн аптада кол койгон.
Эреже боюнча жылуулук беш сутка бою катары менен тыштагы абанын температурасы +8 градустан жогору болуп турса токтойт.
Бишкекте ЖЭБ турак үйлөр менен мекемелерге былтыр 17-октябрда жылуулук бере баштаган. Бишкек шаарында жыл ичинде кеминде 150 күн жылуулук берилет. (КЕ)