Бишкекте роботтордун жарышы өтөт
![Бишкекте роботтордун жарышы өтөт](https://gdb.rferl.org/C70842AA-D5D2-44F5-BBEA-04A4CE54F942_w800_h450.jpg)
Бүгүн Бишкектеги «Ала-Тоо» эл аралык университетинде өзү баскан роботтордун жарышы өтөт. Уюштуруучулардын белгилешинче, иш-чара жаштарды технология жаатындагы долбоорлор жана техника менен достоштуруу максатын көздөйт.
Буга чейин студенттер дөңгөлөктүү роботтор менен сынакка катышып келген. Аталган окуу жайда АКШдагы Сан-Диего университетинен келген профессор Курт Шургерстин Робототехника сабагын жогорку деңгээлде даярдашып демонстрациялап жатышат.
Буга чейин студенттер айдоочусуз машиналарды, музыкалык аспаптарды ийгиликтүү жасап, өнүктүрүп келишкен. (КЕ)