Бишкек-Ош жолунда чектөө алынды, бирок кар көчүү коркунучу дале бар
Бишкек-Ош жолунда автотранспорт үчүн киргизилген чектөө бүгүн алынды, бирок кар көчүү коркунучу дагы эле бар.
Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Элмира Шерипова билдирди. Анын айтымында, бүгүн Чүй облусундагы Төө-Ашууда жолго кар түшүп, саат төрткө жакын толук тазаланды:
- Бишкек-Ош унаа жолунун 121-чакырымында карды атайылап түшүрүү иштеринин натыйжасында көчкү түшүрүлгөн. Төрт снаряд атылып, болжол менен 720 куб метр кар жолго түшкөн. Ал толук тазаланды. Эч ким жабыркаган жок. Бишкек-Ош жолунда кар көчүү коркунучу дагы эле бар. Андыктан жолго кышкы экипировка менен чыгуу керектигин эскертебиз.
Бишкек-Ош трассасында туруксуз аба ырайына жана кар көчүү коркунучуна байланыштуу 20-22-мартта Чүйдүн Жайыл районундагы “Сосновка”, Жалал-Абаддын Токтогул районундагы “Арал” жана Талас облусунун Талас районундагы “Өтмөк” постторунда саат кечки 9дан таңкы 6га чейин жол жабык болуп жатты. (RK)