АКШ Сириядагы өзбек жоочулардын тобун "кара тизмеге" киргизди
АКШ Сирияда согушуп жүргөн өзбек жоочуларынын тобун “глобалдык террорчулардын” тизмесине киргизди. Мамлекеттик департамент 22-мартта Katibat al-Imam al-Bukhari (KIB) тобун атайын түзүлгөн "кара тизмеге" кошту.
Эми куралчан топтун АКШ юрисдикциясында турган мүлкү камакка алынып, америкалыктарга алар менен финансылык байланыш түзүүгө тыюу салынары Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө айтылат.
Расмий билдирүүдө Katibat al-Imam al-Bukhari “Сирияда согушкан өзбектердин куралдуу тобу” деп аныкталат.
Бул кыймыл Сириянын түндүк батышындагы согушта “маанилүү роль ойногону”, "ал-Каиданын" канаты "ал-Нусра" тобунда кармашканы айтылат.
2015-жылдын декабрында бул топ талаа лагерлеринде жаш балдарды курал-жарак кармоого үйрөтүп жаткан видеосу тараган. 2017-жылдын апрелинде топ куралчан эркектердин согушуп жатканын көрсөткөн видео жарыялаган.