"Аскер курулуш" ишканасына кылмыш иши козголду
Кыргызстандын Аскер прокуратурасы Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин жана анын бөлүмдөрүнүн кызмат адамдары бюджеттен чоң суммадагы акчаны мыйзамсыз сарптаганын аныктады.
Башкы прокуратура тараткан маалыматта, 2015-жылы ошол кезде Коргоо министрлиги деп аталган комитетке стратегиялык аскердик объектинин инфраструктурасын калыбына келтириш үчүн 70 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөнү жазылган.
Бирок министрлик жана анын бөлүмдөрүнүн кызмат адамдары “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасы менен кошо өзү билемдик менен бул акчаны туура эмес жакка жумшаганы белгиленген. Маалыматка караганда, каражаттын 37 миллион сомдон ашыгы тиешелүү объектиге байланышы жок курулуш, оңдоо иштерине, товар алууга которулган. Мындан тышкары мыйзамсыз сарпталган бул акчанын 9 миллион сомдон ашыгы уурдалган.
Бул факты боюнча Аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 304 (“Кызмат абалынан кыянат пайдалануу”), 308 (“Бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз колдонуу”) беренелери менен кылмыш ишин козгоду. (NT)