«Талибан» Ооганстан боюнча Ташкентте өтө турган жыйынга катышпайт
![«Талибан» Ооганстан боюнча Ташкентте өтө турган жыйынга катышпайт](https://gdb.rferl.org/2E051777-6A82-4360-AE1B-70F7FE151F21_w800_h450.jpg)
«Талибан» кыймылынын өкүлдөрү Ооганстан боюнча Ташкентте өтө турган «Коопсуздук жана аймактык өз ара аракет тармагындагы тынчтык жараяны» конференциясына катышпайт.
Бул туурасында 26-мартта конференциянын маалымат катчысы Шерзод Кудратходжаев билдирди.
«Алар («Талибан» кыймылы) бүгүн дагы, эртең дагы келбейт, бирок алар баарын угат», – деди Кудратходжаев.
Ооганстан боюнча конференциянын негизги бөлүгү 27-мартта өтөт.
«Эл аралык «Коопсуздук жана аймактык өз ара аракет тармагындагы тынчтык жараяны» конференциясы Ооганстандагы тынчтык жараянын бекемдөө боюнча дүйнө коомчулугунун, анын ичинде Өзбекстандын аракетинин логикалык уландысы болуп калат», – деп кошумчалады Кудратходжаев.
Ташкенттеги жолугушууга БУУнун Ооганстан боюнча теңтөрагасы Тадамити Ямамото, Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жогорку төрагасы Федерика Могерини, мындан тышкары Кытай, Орусия, АКШ, Британия, Германия, Италия, Франция, Түркия, Индия, Иран, Пакистан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Сауд Арабия жана Бириккен Араб Эмиратынын тышкы иштер министрлери катышат.