Жээнбеков Чжан Вэньцайды кабыл алды
![Жээнбеков Чжан Вэньцайды кабыл алды](https://gdb.rferl.org/07B871FC-C75B-4DA9-9C1B-B40F4B628F83_cx1_cy7_cw76_w800_h450.jpg)
Президент Сооронбай Жээнбеков менен Азия өнүктүрүү банкынын вице-президенти Чжан Вэньцайдын 26-марттагы жолугушуусунда тараптар транспорт, айыл чарба, энергетика, билим берүү, саламаттык сактоо, финансы ж.б. тармактар боюнча кызматташуу тууралуу пикир алмашты.
Президент Сооронбай Жээнбеков АӨБга өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруудагы жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен АӨБдүн 20 жылдык кызматташтыгынын жакшы тажрыйбасын белгиледи.
Чжан Вэньцай Азия өнүктүрүү банкы жакынкы алты жылга кызматташуу максатында кыргыз тарап менен өнөктөштүк келечегин талкуулоо керектигин белгиледи. АӨБ Кыргызстанды өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырууда бардык жагынан көмөктөшүүгө даярдыгын белгиледи.
Сооронбай Жээнбеков 2018-жыл аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланганын жана анын алкагында аймактардын социалдык-экономикалык, инфраструктураны, жолдорду, ирригацияны жакшыртуу жана элетти таза суу менен камсыздоо маселелерин чечүү турганын эскертти.
Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.
АӨБнын вице-президенти кечээ кыргыз өкмөт башчысы Сапар Исаков менен жолугуп, эки тараптуу кызматташуу тууралуу талкуулаган.(ZKo)