Bloomberg: Ким Чен Ын Кытайга барды
![Bloomberg: Ким Чен Ын Кытайга барды](https://gdb.rferl.org/9B5131D1-A62F-422E-AB1F-8F4F1EC30C8B_w800_h450.jpg)
Түндүк Кореянын лидери Кытайга барганын жеке булактарына таянып, Bloomberg агенттиги жазып чыкты. Азырынча бул маалымат расмий ырасталган жок.
Ким Чен Ындын Кытайга сапары тууралуу мурдараак жапон жана кытай басылмалары маалымдашкан. Ага ылайык, Түндүк Кореянын лидери Кытайга поезд менен келди. Бул Ким Чен Ындын 2011-жылы бийлик башына келгенден берки чет өлкөгө алгачкы сапары экени белгиленип жатат. Ал Кытайда канча күн болору, кимдер менен жолугары белгисиз.
Мурдараак Ким Чен Ын менен жолугуп, сүйлөшүүлөргө даяр экенин АКШ президенти Дональд Трамп да билдирген. Эки өлкө лидерлеринин жолугушуусу жакынкы эки ай ичинде болору кабарланган.