АКШнын соода комиссиясы Фейсбукка байланыштуу иликтөө баштады
![АКШнын соода комиссиясы Фейсбукка байланыштуу иликтөө баштады](https://gdb.rferl.org/46BEC860-A7BD-4F03-BF9D-B84267AA1D22_w800_h450.jpg)
"Фейсбуктагы" колдонуучулардын жеке маалыматтарынын корголбогону тууралуу кабар чыгып кеткенден кийин АКШнын федералдык соода палатасы иликтөөсүн баштаганы тууралуу маалымат мекеменин сайтына жарыяланды.
Комиссия соцтармак жетекчилиги колдонуучулардын маалыматтарын кантип коргоп жатканын текшерүүгө камынууда.
Буга чейин журналисттер британиялык "Cambridge Analytica" фирмасынын Дональд Трамптын шайлоо кампаниясы маалында "Фeйсбуктун" 50 миллиондой кардарынын маалыматтарын мыйзамсыз колдонгону үчүн айыпташкан.
"Channel 1" телеканалынын иликтөөсүнө караганда, саясий консалтинг кызматын көргөзгөн ал компания дүйнө жүзү боюнча 200дөн ашуун шайлоо алдындагы үгүт иштерине, анын ичинде Нигерия, Кения, Чехия жана башка жерлердеги өнөктүктөргө катышкан. Талапкерлер жөнүндө жалган маалымат, компромат таратуу үчүн пара алган деп айтылган.
"Фейсбук" колдонуучуларынын жеке маалыматтарын кыянат пайдалануу жөнүндөгү кабар нааразылык жаратты.
Айрымдар атүгүл эки компанияны тең сотко беришерин билдиришти.
"Фейсбуктун" негиздөөчүсү Марк Цукерберг анын компаниясы колдонуучулардын маалыматтары үчүн жоопкерчиликти өзүнө аларын, аларды коргоо үчүн кошумча чаралар көрүлөрүн 22-мартта өзүнүн "Фейсбуктагы" баракчасында жазган.