Президент УКМКга жемкорлукка каршы күрөштү тездетүүнү тапшырды
Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Абдил Сегизбаевге коррупцияга каршы күрөштү тездетүүнү дагы бир жолу тапшырды.
Мамлекет башчы УКМКнын төрагасын 27-мартта кабыл алып, Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы жыйынынын чечиминин аткарылышын талкуулады.
Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдиргендей, Жээнбеков биринчи жыйынтыктар бар экенин, бирок коррупциялык иш-аракеттерди аныктоо жаатындагы жумуштарды ыкчамдатып, резонанс жараткан жемкорлук боюнча иштерди аягына чыгаруу керек экенин белгиледи.
Маалыматта президент жарандардын арыздары менен иштөөгө өзгөчө көңүл бурганы айтылат.
УКМК төрагасы президентке өлкөнүн жана анын жарандарынын коопсуздугун камсыз кылууга, анын ичинде террористтик жана экстремисттик уюмдардын ишмердигин аныктап, аларга жол бербөөгө байланыштуу иштер тууралуу маалымат берди.
8-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынында мамлекет башчы күч органдарындагы жемкорлукка каршы аракеттерди сынга алган. (SE)