Кыргызстан-Индия: кыргыз футболчулары 2:1 эсебинде утту
Дал ушул учурда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Индиянын футбол боюнча улуттук курама командалары беттешүүдө.
Кечки саат сегизде башталган беттештин алгачкы мүнөттөрүндө (1 мүнөт 47 секунд) кыргызстандык чабуулчу Антон Землянухин Индиянын дарбазасына гол киргизип, эсепти ачты.
Ал эми экинчи топту оюндун 70-мүнөттөрүндө Мирлан Мурзаев киргизди.
Андан кийин Индиянын курама командасы бир гол киргизгенге жетишти.
Беттешти КТРК-Спорт каналы түз көрсөтүп жатат. Азырынча эсеп 2:0.
Бул оюн - 2019-жылы Бириккен Араб Эмирлигинде өтө турган футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарынын 3-айлампасынын акыркы беттештеринин бири.
Билеттер 22-марттан баштап 250-500 сомдон сатылды.
Эки команда былтыр 13-июнда Индияда беттешип, Кыргызстан 1:0 эсебинде утулган. Кыргызстандын курама командасы 22-мартта Мьянманын футболчуларын 5:1 эсебинде утуп, Азия чемпионатына алгач ирет жолдомо алган.
Азия кубогунун 3-айлампасындагы тандоо оюндарында Кыргызстан “А” тобунда Индия, Мьянма жана Макао менен ойноп жатат.
Беш оюндан кийин Индиянын командасы 12 упай топтоп 1-орунда келүүдө. Кыргызстанда 10, Мьянмада 5 упай бар. Макаодо упай жок. Бүгүн Мьянма да өз жеринде Макао командасын кабыл алат.
Тайпада алдыңкы эки орунду ээлеген командалар финалга жолдомо алышат. 2019-жылдагы Азия кубогунун финалдык бөлүгү 5-январдан 1-февралга чейин Бириккен Араб Эмирлигинин төрт шаарында өтөт. Ага 24 команда катышат.