Сулайманкулов: Өзбекстанга жайыт берилет деген маалымат чындыкка дал келбейт
Айрым басылмаларга жарыяланган бул маалымат чындыкка дал келбесин өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Жумамидин Сулайманкулов "Азаттык" радиосуна билдирди:
- 29-мартта Фергана шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш облус жетекчилеринин алгачкы кеңешинде козголгон маселелер арасында жайыт маселеси да өзбек тараптан көтөрүлгөн. Кыргыз өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев журналисттерге өзбек тарап Союз учурунда ижарага пайдаланып келген Алай районундагы Сарыташ жайлоосун ижарага алууну жандантууну сунуштаганын, кыргыз тарап бул маселе кийинчерээк караларын гана билдирген. Жайыт Өзбекстанга берилет деген сөз чындыкка туура келбейт.
Айрым басылмалар Ош облусундагы Алай районунун Сары-Таш жайлоосундагы жайытты келишимдин негизинде Өзбекстанга пайдаланууга берүү маселеси каралып жатканын, бул маселе 29-мартта Фергана шаарында кыргыз-өзбек өкмөт башчыларынын жана чектеш жайгашкан облус жетекчилеринин жолугушуусунда көтөрүлгөнүн жазып чыгышкан.(MdN)