Вашингтондо Russia Today каналы көрсөтүүсүн токтотот
![Вашингтондо Russia Today каналы көрсөтүүсүн токтотот](https://gdb.rferl.org/514D86F1-3C26-4806-AF2D-6E68FF4094C8_cx0_cy7_cw0_w800_h450.jpg)
Орус өкмөтү каржыланган Russia Today телеканалынын АКШнын борбор калаасында көрсөткөн эки тв-станциясы (WNVT жана WNVC) 1-апрелден баштап ишин токтотот.
Телеканал жергиликтүү кабелдик системадан да жоголот. Телеканалдын башкы редактору Маргарита Симоньян Russia Today Вашингтондо башка булактар аркылуу чыга берерин билдирди. Анын айтымында, канал ишин "чет элдик агент" макамына байланыштуу токтоткон. Бул макам телеканалга өткөн жылы ноябрда берилген.
Былтыр январда АКШнын борбордук чалгын башкармалыгы америкалык шайлоо системасына орусиялык кибер-чабуул болгону тууралуу баяндама жарыялаган. Анда Орусия АКШдагы президенттик шайлоого хакерлердин жана Russia Today, Sputnik сыяктуу маалымат каражаттарынын жардамы менен кийлигишкени айтылган. Баяндамада булар "үгүт машинеси" деп аталган.
Документте Кремлге баш ийген маалымат каражаттары жана интернеттеги "сынчылар" АКШдагы президенттик шайлоого таасир эткени айтылып, Russia Today жана Sputnikтин башкы редактору Маргарита Симоньяндын бул маанайдагы блогунан, билдирүүлөрүнөн цитаталар келтирилген.