Экс-спикер Турсунбековдун жардамчысына кылмыш иши козголду
![Экс-спикер Турсунбековдун жардамчысына кылмыш иши козголду](https://gdb.rferl.org/C4A849A3-40E9-44CE-99C2-A6C1113E8F5C_w800_h450.jpg)
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбековдун жардамчысы Нурлан Абдыгул уулуна кылмыш ишин козгоду.
Бул тууралуу аталган мекеменин расмий өкүлү Рахат Сулайманов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Абдыгул уулуна Кылмыш-жаза кодексинин 171 жана 350-беренелери (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана документтерди жасалмалоо) боюнча иш козголгон.
- Абдыгул уулу кылмышка шектүү катары өтүп жатат. Ага эч жакка чыкпоо талабы коюлган. Тергөөнүн жүрүшүндө суракка чакырылып жатат, - деди Сулайманов.
Сулайманов кошумчалагандай, парламенттеги 30 миң доллардын уурдалышы боюнча экс-спикер Чыныбай Турсунбеков дагы бир ирет суракка чакырылып, ошол кездеги парламенттеги эл аралык комитеттин төрагасы, азыркы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев экөө беттешкен. Шадиев эки ирет суракка чакырылып, көрсөтмө берген.
Быйыл февралда КМШнын парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы ачыкка чыккан.
Акчалай сыйлыкты Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров былтыр сентябрда колуна алганы белгилүү болгон. Закиров парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин ошол кездеги төрагасы, азыркы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин колу коюлган катты ошол кездеги спикер Чыныбай Турсунбековго жиберип, кол койдурганы, акча бөлүнгөн соң жасалма документтер менен парламенттин иш башкармалыгына отчет тапшырганы айтылган.
Буга байланыштуу Башкы прокуратура Арсен Закировго Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу"), 350-беренеси ("Документтерди жасалмалоо") менен кылмыш ишин козгоп, аны убактылуу камакка алган.(UEz)