Косово Гүленге байланышы бар делген алты адамды депортация кылды
Мамлекеттик “Анадолу” жаңылыктар агенттигинин кабарына караганда, Косоводо камалган алты адамды 29-мартта алып келүү үчүн Түркиянын чалгын кызматы (MIT) жеке менчик учакты колдонду.
Маалыматтарга караганда, Косово Түркияга депортация болгондор АКШда жашаган диниятчы Фетхуллах Гүлендин мектептер түйүнүнө тиешеси барлар.
Түркия бийлиги Гүленди 2016-жылкы аскерий төңкөрүш аракетинин артында турган деп айыптаган. Диниятчы мындай ырастоолорду четке каккан.
Түркияга депортация болгондордун биринин адвокаты Адем Вокшинин “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна билдиришинче, Коовонун чалгын агенттиги аларды тобокелдүү адамдар деп аныктаган.
Адвокат алардын бири дарыгер экенин, Гүлендин мектептерине эч тиешеси жоктугун да кошумчалады.
“Анадолу” жаңылыктар агенттигинин жазганына караганда, Анкара өткөрүп алгандар Гүлендин түйүнүнө адамдарды тартканы, адамдардын Түркиядан чыгып кетишине жардам бергени үчүн жоопкер.
Косовонун Адам укуктары кеңеши бийликтерди “Эрдогандын саясий оппонеттерин” Анкарага өткөрүп бербөөгө чакырган.
Түркия 2008-жылы Сербиядан көз карандысыздыгын жарыялаган Косовонун башкы колдоочусу.
Анын жалгыз аэропортун, электр түйүнүн түрк компаниялары башкарат жана түрк фирмалары эки миллиард долларга эки кан жол курууда.(UE)