Казак оралмандары Кытайдагы туугандарын коргоого аракеттенип жатат
Оралмандардын өкүлдөрүнүн айтымында, нааразылык акциясы учурунда алар Кытайда кысымга кабылган туугандарынын укуктары сакталышын талап кылышмакчы.
Уюштуруучулар нааразылык акциясына миңдей адам жыйналат деп турушат.
Алматы акимиатына чогулгандардын бири Кытайдан көчүп келип Казакстандын жарандыгын алган Даулетбек Ерболдун “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун казак кызматына билдиришинче, кытай бийликтери анын 75 жаштагы апасынын паспортун алып коюшкан.
Ербол Кытайда “айрым этникалык казактардын документтери алынып, абакка түшкөн, саясий сабаттуулук боюнча сабактарга жөнөтүлгөн” учурлар бардыгын кошумчалады.
Былтыр казак медиасында Кытайдын Шинжаң аймагындагы этникалык казактар арасында жергиликтүү бийликтер тарабынан куугунтукка жана кысымга алынгандар болуп жатканы тууралуу маалыматтар бир нече ирет жарыяланган.
Ал эми июнь айында Астанада казактардын Бүткүл дүйнөлүк курултайында анын делегаттарынын бири Кытайдагы казактар кабылган кысым тууралуу айтып чыккан. Курултайга президент Нурсултан Назарбаев өзү дагы катышкан.
Казакстандын Тышкы иштер министрлиги былтыр ноябрдын соңунда алар Кытайдын бийликтери менен “Кытайдагы этникалык казактардын көйгөйлөрү тууралуу” сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн билдирген.
Кытайдын Шинжаң аймагында бир жарым миллиондой этникалык казак жашайт. (UE)