Израил танкынын огунан палестин фермери мерт болду
Бул тууралуу Палестинанын бийлик өкүлдөрү билдиришти. Алардын айтымында, Израил тарап аткан октон бир фермер мүрт кетип, дагы бир адам жарадар болду.
Окуя палестиндердин Израилдин чек арасында өткөрүлмөкчү болгон нааразылык акциясы башталаар маалына туш келди. Хан Юнис деген шаарчанын жанында болгон окуяга Израилдин армиясы азырынча комментарий бере элек.
Газа секторундагы палестиндер Израилдин чек арасында чатыр тигүү менен алты апталык нааразылык акциясын баштаганы жатышат. Алар муну менен азыр Израилде жүргөн палестин качкындарынын кайтышына мүмкүнчүлүк берилишин талап кылышмакчы. Ошого байланыштуу Израилдин чек арадагы аскерлеринин күжүрмөн даярдыгы күчөтүлгөн.
Нааразылык акциясын палестиндердин Газа секторун башкарган исламчыл ХАМАС кыймылы уюштурууда. ХАМАСтын лидерлери, Израил аскерлеринин өкүлдөрү да кыянатчылыктардан оолак болууну көздөшөөрүн билдирип жатышат. (UE)