Анкара Косоводон өз шектүүлөрүн алып кетти
![Анкара Косоводон өз шектүүлөрүн алып кетти](https://gdb.rferl.org/4C294989-FBC8-4F49-BB4D-4B9CA34CE0F5_w800_h450.jpg)
Косовонун өкмөт башчысы ички иштер жана коопсуздук министрлерин кызматтан алды. Буга алты түрк жаранынын Түркияга экстрадицияланышы себеп болду. Премьер-министр Рамуш Харадинаж алардын Анкарага өткөрүлүп берилип жатканынан кабары болбогонун айтууда.