Израил менен Газа секторунун чегиндеги кагылыштан үч палестин мерт болду
Бул тууралуу Палестин автономиясынын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Алардын маалыматына караганда, Израилдин аскерлери менен кагылыштан үч адамдын өмүрү кыйылган. Андан тышкары дагы 365 киши жабыркады.
Жараат алгандардын отузуна чыныгы жана желим ок тийсе, калгандары көздөн жаш агызуучу газдан жабыркаган. Окуя палестиндердин Израилдин чек арасында мерчемделген нааразылык акциясы башталып жаткан учурга туш келди.
Соңку кагылыштар боюнча Израилдин армиясы азырынча комментарий бере элек.
Газа секторундагы палестиндер Израилдин чек арасында чатырларды тигүү менен алты апталык нааразылык акциясын башташууда. Алар муну менен азыр палестин качкындарынын Израил тарапта калган жерлерине кайтуусуна мүмкүндүк берилишин көздөп жатышат.
Нааразылык акциясын палестиндердин Газа секторун башкарган исламчыл ХАМАС кыймылы уюштурууда.
Мындан улам Израилдин чек арадагы аскерлеринин күжүрмөн даярдыгы күчөтүлгөн.
БУУнун эсебинде, Газа секторунун 2 миллион калкынын 1,3 миллиону качкындар же качкындардын тукумдары. (UE)