Көчмөндөр оюндарынын ачылышын чагылдырууга 1700 киши тартылат
Ысык-Көлдөгү Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанатында 1700 адам эмгектенет. Ал эми оюндарга катыша турган өлкөлөрдүн спортчуларынын парадга чыкканын кошкондо, ачылыш аземге катышкандардын саны 5 миңден ашат.
Бул тууралуу “Азаттыкка” оюндардын ачылышынын режиссер-коюучусу Виктор Фельд билдирди. Ал көрүүчүлөр үчүн бир нече күтүүсүз белектер бар экенин айтты.
- Бул ачылышта жаңы стенография, чоң экрандар бар. Ал жөн эле экран эмес, атайын чоң конструкцияга жайгашып, өзгөчө. Каскедерлер да жөн эле ат менен жүгүрүп өтпөйт. Биз коомчулук таң кала турган жүрүштөрдү даярдадык. Эң негизгиси, катышуучулар өздөрүндө көчмөн каны айланып турганын билишет жана алар бизге кыйынчылык жараткан жок.
Көчмөндөр оюндарынын ачылышы бүгүн кечки саат сегизде болот. Оюндар 2-8-сентябрь күндөрү өтөт. (SDz)