Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы
2-сентябрда Ысык-Көлдө III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды. Быйылкы оюндарга 77 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу келди.
2-сентябрда Ысык-Көлдө III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды. Быйылкы оюндарга 77 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу келди.
Ысык-Көлдө 2-сентябрь күнү кечинде III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары расмий ачылып, спортчулар эл алдынан өтүштү. Быйылкы оюндарга 77 өлкөдөн үч миңден ашык спортчу келди. - Бүгүн дүйнөдөгү саясий, экономикалык, экологиялык жана маданий процесстердин темпи тездеди. Технологиялар ыкчамдык менен өзгөрүүдө. Бул көрүнүштөр адамзаттын алдында жетишкендиктер менен катар жаңы көйгөйлөрдү жаратты. Ушундай шартта көчмөн элдердин дөөлөтүн, мурасын, каада-салтын жандандыруу — зор мааниге ээ. Ал дүйнө элдеринин ынтымагын бекемдеп... Читать дальше...
2-сентябрда башталган көчмөндөр оюндары 8-сентябрга чейин уланат.
2-сентябрда Ысык-Көлдө III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды. Быйылкы оюндарга 77 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу келди. Этнооюндардын расмий ачылыш салтанаты Бактуу-Долоноту ат майданында өттү.
Ишемби күнү Германиянын түштүк-чыгышындагы Хемниц шаарында өлкөнүн миграциялык саясатын колдогондор жана ага каршылар катышкан акцияда 300дөй адам кармалды. “Билд” басылмасынын жазышынча, кагылышууда 11 адам жабыркап, ооруканага жеткирилген. Демонстрацияга эки тарапты кошкондо 9,5 миңдей адам катышкан. Коопсуздукту 2000дей полиция камсыздады. Хемницте оңчулдар 26-августтан бери нааразылык акциясын өткөрүп жатат. Ага бир күн мурда түндө шаардагы көчө фестивалы учурунда 35 жаштагы жергиликтүү тургун бычакталып өлтүрүлгөнү себеп болду. Читать дальше...
Ысык-Көлдө үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары башталды. Быйылкы оюндарга 77 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу келди. Этнооюндардын расмий ачылыш салтанаты Бактуу-Долоноту ат майданында башталды.
Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бүгүн, 2-сентябрда саат 20.00дө Чолпон-Ата шаарынын жанындагы Бактуу-Долоноту айылында жайгашкан ат майданда салтанаттуу түрдө ачылды. Азыр салтанат театралдаштырылган оюн-зоок, концерт менен коштолуп, уланып жатат. Жаштар иштери, маданият жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкуловдун айтымында, ушул күнгө чейин оюндарга катышуу үчүн 66 мамлекеттен жана Орусиянын он бир субъектисинен 1556 киши арыз берген. Оюндардын программасына спорттун 37 түрү киргизилди. Читать дальше...
Бүгүн, 2-сентябрда Бишкектин Фучик көчөсүндөгү №1 оорукананын жанына салынган бейтапкана кыргыз-түрк президенттеринин жубайлары Айгүл Токоева жана Эмине Эрдогандын катышуусунда ачылды. Ал "Кыргыз-түрк достук ооруканасы" деп аталды. 150 кишиге ылайыкташкан бейтапкананын курулушуна Түркия акча бөлгөн. Курулуш иштери 2016-жылдын июлунда башталган. Ооруканага заманбап диагностикалык жабдуулар коюлуп, кардиология, жүрөк, тамыр хирургиясы, интервенциялык радиология, гастроэнтерология сыяктуу бөлүмдөр ишке киргизилээри айтылган. Читать дальше...
Донецк шаарында эл өзүн "Донецк Элдик Республикасы" деп атап алган аймактын жетекчиси Александр Захарченко менен коштошуп жатат. Захарченконун сөөгү салынган жабык табыт Донецктин опера жана балет театрынын имаратына алынып келинди. Администрациянын маалыматына караганда, эки саатта эле Захарченко менен коштошууга келгендердин саны 120 миң адамга жетти. Тажияга Орусиянын Мамлекеттик думасынын депутаты Наталья Поклонская жана аннексияланган Крымдын башчысы Сергей Аксенов да келди. Буга чейин... Читать дальше...
Ош шаардык милициясы жакындары кургак учуктан жабыркаган мектеп курагына чейинки балдарды тарбиялоочу мекемедеги үч жашар кыздын өлүмүнүн себептери аныкташы күмөн жаратты.
2-сентябрга оогон түнү Дамасктын чет жакасында бир канча жарылуу болду. Times of Israel басылмасы бул жарылуулар Израилдин аба чабуулдарынан кийин болгонун кабарлады. Сириядагы адам укуктары обсерваториясынын башчысы Рами Абдул-Рахмандын “Франс-пресс” агенттигине берген маалыматына караганда, Израилдин ракеталары аскердик курал-жарак сакталган кампага келип түшкөн. Маалыматта авиация "Меззе" аэродромун бутага алган. Чабуул болгонун президент Башар Асад менен кызматташкан Ливандын “Ал-Майдан” телеканалы да кабарлады. Читать дальше...
Бүгүн, 2-сентябрда Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Ысык-Көлгө келди. Аны "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунан биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов тосуп алды. Бул венгер премьер-министринин Кыргызстанга расмий сапары. Анын жүрүшүндө Орбан президент Сооронбай Жээнбеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушат. Бүгүн ал Ысык-Көлдө III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанатына катышмакчы. Орбандан тышкары салтанатка Түркия менен Казакстандын президенттери да барышат. Читать дальше...
Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2020-жылы Түркияда өтө турган болду. Бул тууралуу Кыргызстанда расмий сапар менен жүргөн түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган бүгүн, 2-сентябрда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен чогуу эки мамлекеттин стратегиялык кызматташтыгы боюнча Жогорку Кеңештин жыйынына катышкан учурда билдирди. Расмий маалыматка караганда, Эрдоган Түркия 2020-жылы төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү милдетин өзүнө алганын айтты. Оюндар Түркияда жогорку деңгээлде өтөөрүн кошумчалады. Читать дальше...
Ысык-Көлдөгү Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Гүлсарат" чыгармасын чагылдырган айкел ачылды. Бул айкел жазуучунун 90 жылдыгына арналып, Орусиянын Свердлов облусунан Кыргызстанга белек катары жасалып келген.
Ысык-Көлдөгү Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанатында 1700 адам эмгектенет. Ал эми оюндарга катыша турган өлкөлөрдүн спортчуларынын парадга чыкканын кошкондо, ачылыш аземге катышкандардын саны 5 миңден ашат. Бул тууралуу “Азаттыкка” оюндардын ачылышынын режиссер-коюучусу Виктор Фельд билдирди. Ал көрүүчүлөр үчүн бир нече күтүүсүз белектер бар экенин айтты. - Бул ачылышта жаңы стенография, чоң экрандар бар. Ал жөн эле экран эмес, атайын чоң конструкцияга жайгашып, өзгөчө. Каскедерлер да жөн эле ат менен жүгүрүп өтпөйт. Читать дальше...
Орусия президенти Владимир Путиндин 1-сентябрда Сочидеги "Сириус" билим берүү борборунда эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрү менен болгон жолугушуусуна окуучу Егор Рябов "Навальный-2018" деген футболка кийип келди. Бул иш-чарада тартылган сүрөттөр Кремлдин сайтына жарыяланды. "Дождь" телеканалынын журналисти Егор Рябов менен сүйлөшкөндө футболканы классташы бергенин айтып, өзүн Навальныйдын тарапкери деп атабасын, бирок анын кыймылын колдой турганын билдирген. Окуучу футболканы өзүнө журналисттердин... Читать дальше...
Индонезияда өткөн жайкы Азия оюндарында жалпы командалык эсепте Кыргызстан 22-орунду алды. Оюндарга Азиядагы 45 мамлекеттин спортчулары катышкан. Кыргызстандын курама командасы 20 медалга ээ болду. Анын экөө алтын, алтоо күмүш, он экиси коло. Алтын медалдарды Кыргызстанга жиу-житсу боюнча Төрөкан Багынбай уулу менен жеңил атлетчи Дарья Маслова алып беришти. Бул оюндарда 289 медаль, анын 132си алтын менен Кытайдын курама командасы алдыга чыкты. Экинчи орунда жалпы 205 медаль жана анын 75и алтын менен Жапония турат. Читать дальше...
Кыргызстандык балбан Марлен Абдрасулов бүгүн, 2-сентябрда Чолпон-Ата шаарында башталган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда Кыргызстандын эсебине алгачкы алтын байгени алып келди. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, бүгүн тажик улуттук күрөшүнөн (гуштини милли камарбанди) үч салмакта (68 кг., 82 кг. жана абсолюттук салмакта) байгелер орнотулуп, 11 өлкөнүн балбандары күч сынашты. Марлен Абдрасулов 68 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып... Читать дальше...
Йемендеги согушта эл аралык коомчулук тааныган өкмөттү колдоп, иранчыл хусит топторуна каршы чабуулдарды жасап келаткан Сауд Арабия баштаган араб өлкөлөрүнүн коалициясы августта карапайым адамдардын өмүрү кыйылган аба чабуулун "катачылык болгон" деп атады. Аба чабуулу ал кезде, чалгын кызматтарынын маалыматына ылайык, ичинде хуситтердин лидерлери баратат делген автобуска урулган. Кийин автоунаада бараткандар жайкын тургундар, көпчүлүгү балдар экени маалым болгон. Жалпысы 51 киши, анын ичинде 40... Читать дальше...
Ысык-Көлдөгү үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жалпы 594 медал ойнотулат. Жаштар иштери, маданият жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов бүгүн, 2-сентябрда Ысык-Көлдө өткөн маалымат жыйында билдиргендей, медалдардын 174ү алтын, 173ү күмүш, 247си коло. Быйылкы оюндардын жалпы байге фонду 28 миллион сом деп эсептелди. Көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылышы бүгүн, 2-сентябрда кечки саат 8де башталат. Оюндар 8-сентябрга чейин уланат. Кыргызстанда биринчи жана экинчи Көчмөндөр... Читать дальше...
Бүгүн, 2-сентябрда "Ысык-Көл" эл аралык аэропортуна конгон Нурсултан Назарбаевди биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов тосуп алды. Казак президенти Ысык-Көлдө саат 20.00дө баштала турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышмакчы. 3-сентябрда ал Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин VI саммитине да катышканы жатат. Расмий маалыматка караганда, Назарбаевден тышкары Көчмөндөр оюндарынын ачылышына учурда Кыргызстанда эки күндүк расмий сапар... Читать дальше...
Мелдешке катышуу үчүн 82 өлкөдөн 2500 спортчу электрондук каттоодон өткөн.
Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстандагы “гүленчилер” маселесине кайра кайрылып, аны күн тартибинен биротоло алып салуу үчүн расмий Бишкек ага кылдат көңүл бурат деген ниетин билдирди.
Ысык-Көлдөгү үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына спорттун 37 түрү киргизилди. Бул тууралуу Жаштар иштери, маданият жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов бүгүн, 2-сентябрда Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылында өткөн маалымат жыйында билдирди. Маалыматка караганда, 37 оюндун арасында ат чабыш, улуттук күрөш, жебе тартуу, "Салбуурун" сыяктуу оюндар бар. Аманкуловдун айтымында, ушул күнгө чейин Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн 66 мамлекеттен жана Орусиянын он бир субъектисинен 1556 киши арыз берди. Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости