Окуучу Путин менен жолугушууга "Навальный-2018" деген футболка кийип келди
Орусия президенти Владимир Путиндин 1-сентябрда Сочидеги "Сириус" билим берүү борборунда эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрү менен болгон жолугушуусуна окуучу Егор Рябов "Навальный-2018" деген футболка кийип келди. Бул иш-чарада тартылган сүрөттөр Кремлдин сайтына жарыяланды.
"Дождь" телеканалынын журналисти Егор Рябов менен сүйлөшкөндө футболканы классташы бергенин айтып, өзүн Навальныйдын тарапкери деп атабасын, бирок анын кыймылын колдой турганын билдирген.
Окуучу футболканы өзүнө журналисттердин көңүлүн бурдуруу үчүн атайын эле кийип келгенин жана бул кадамынын "жыйынтыгына ыраазы болуп турганын” кошумчалаган.
Жолугушууда Рябов Владимир Путинге мектептерде гаджеттерди колдонууга тыюу салуу сунушу канчалык өзүн актайт деген суроо берген. Президент баарын тыйып салуу мүмкүн эмес экенин айтып, муну агартуу министри миенен талкуулап көрүүнү убада кылган.
Егор Рябов - Москвадагы №1329 мектептин окуучусу. Ал быйыл Экономиканын жогорку мектебинин математикалык факультетине тапшырды. Окуучу математика боюнча эл аралык олимпиадада Орусиянын командасынын мүчөсү болгон.
Белгилүү опозиционер Алексей Навальный президент Путиндин саясатын катуу сындап, ага каршы ар кандай акцияларды уюштуруп келе жатат.
Ал быйыл Путиндин жаңы президенттик мөнөтүнө каршы "Ал бизге падыша эмес!" деген акцияны уюштурганы үчүн камалып чыккан.
Навальный азыр да 30 күндүк камак жазасын өтөп жатат. 27-августта Москванын Тверь соту "Навальный январдагы каршылык акциясында коомдук иш-чараны өткөрүү тартибин бузган" деп таап, 30 күнгө камаган.