ДКО-2018. Алыш: Түркмөнстан биринчи орунду алды
![ДКО-2018. Алыш: Түркмөнстан биринчи орунду алды](https://gdb.rferl.org/1CD0E5A8-3EC9-4298-907B-6D1ED94691A3_w800_h450.jpg)
Түркмөнстандын алыш күрөшү боюнча улуттук курама командасы жалпы командалык эсепте биринчи орунду алды. Эркектер арасында Түркмөнстан 5 медаль алып, (1 алтын, 1 күмүш, 3 коло) биринчи орунга Өзбекстанды (2 алтын, 3 күмүш) чыгарып жиберди. Бирок кыздар арасында Түркмөнстан 3 алтын, 1 коло менен лидер болду.
Натыйжада жалпы командалык рейтингде Түркмөнстан 81 упай менен биринчи орунду алса, Өзбекстан 79 упай менен экинчи, ал эми Кыргызстан 3-орунга (71 упай) жайгашты.
Алыш күрөшү боюнча жалпысынан 35 өлкөдөн 145 балбан катышты. (SDz)