Жээнбеков: Венгрия ишенимдүү өнөктөшүбүз
![Жээнбеков: Венгрия ишенимдүү өнөктөшүбүз](https://gdb.rferl.org/03E5E9AF-4BFE-477A-A808-965E195DB22F_w800_h450.jpg)
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Венгрия премьер-министринин Чолпон-Атада өткөн жолугушуусунда туризм тармагындагы кызматташуу боюнча меморандумга жана эки өлкө жетекчилеринин кызматташууcу боюнча документке кол коюлду.
Журналисттерге Жээнбеков жана Орбан жолугушуу ийгиликтүү болгонун кабарлашты. Сооронбай Жээнбеков Венгрияны тектеш өлкө жана ишенимдүү өнөктөш деп атап, Кыргызстан бул өлкө менен кызматташтыкты арттырууга кызыкдар экенин билдирди.
- Соода-экономикалык тармагындагы кызматташтыкта потенциал бар экени белгиленди. Жакын арада соода жүгүртүү боюнча өкмөт аралык комиссиянын ишин жандандырууну макулдаштык. Бул багытта Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун линиясы менен арзан кредит алууну сүйлөштүк.
Ошондой эле “Венгрияда билим алган кыргызстандык студенттерге бөлүнгөн квотаны 25тен 75ке көтөргөнү үчүн ыраазычылык билдиребиз” - деди Жээнбеков.
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Кыргызстанга 2-сентябрда келген. Ал Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана Чолпон-Атада өткөн Түрк тилдүү өлкөлөр кеңешинин VI cаммитине байкоочу катары катышты.
Бул Венгриянын өкмөт башчысынын Кыргызстанга алгачкы расмий сапары. Кыргызстан менен Венгриянын дипломатиялык алакасы 1992-жылы башталган. Бирок бул жылдары эки өлкө ортосунда активдүү алака байкалган эмес. (BkA/TSh)