"Талибан" Жалалуддин Хаккани көз жумганын кабаралды
Ооганстандагы эң коркунучтуу куралдуу топтордун бири болгон “Хаккани торунун” негиздөөчүсү Жалалуддин Хаккани узакка созулган оорудан кийин көз жумду.
“Талибан” аны “жихад жолундагы мыкты адам болгон” деп сыпаттады. Бул тууралуу маалымат кыймылдын 4-сентябрда англис тилинде таратылган маалыматында айтылат.
Хаккани 1980-жылдары АКШ менен Пакистандын колдоосу менен советтик аскерлер каршы күрөшкөн ооган көтөрүлүшчүлөрүнүн кол башчысы болгон. Ал он жылдай убакыттан бери ооруп, төшөктө жаткан. "Хаккани тобун" азыр уулу Сиражуддин Хаккани башкарат жана ал "Талибандын" орун басары болуп саналат.
Хаккани 2001-жылы АКШ аскерлери киргенге чейин Ооганстанды башкарып турган талибдердин бийлиги учурунда министр кызматын аркалаган. Ал араб экстремисттери, анын ичинде "Ал-Каиданын" башчысы Усама бен Ладен менен тыгыз байланышта болгон.
2017-жылы май айында Кабулдун борборунда жүк ташуучу автоунаа жарылганда 150дөй адам өлгөн. Бул чабуулду “Хаккани тобу” уюштурду деген маалыматтар айтылган. "Хаккани тобу" жогорку даражалуу ооган аткаминерлерин жана батыш өлкөлөрүнүн жарандарын барымтага алууга да бир нече жолу айыпталган. Анын уюмун АКШ 2012-жылы террорчул уюм деп тапкан.