Эрлен Оспанов: Казак көкбөрүчүлөрү оюнга даяр
![Эрлен Оспанов: Казак көкбөрүчүлөрү оюнга даяр](https://gdb.rferl.org/884f28db-6d35-4ecb-ad0d-db5f87caa33e_tv_w800_h450.jpg)
Казакстандын Көкбөрү федерациясы III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына катышуу алдында койгон үч талаптан улам жарышка катышпагандыгын билдирди. Коңшу өлкөнүн Көкбөрү федерациясынын президенти Эрлен Оспановдун “Азаттыкка” билдиришинче, "алар көкбөрүнү тай казаны жок ойноо, башка өлкөлөрдүн көкбөрүчүлөрүнүн арасына кыргыз оюнчуларын кошпоо жана казак көкбөрүчүлөрүнө атты Кыргызстан камсыздап берсин" деген талаптарды коюшкан. Мындай талаптар оюндун бекитилген эрежесине каршы келгендиктен өзгөртүлгөн эмес жана казак көкбөрүчүлөрү кайрадан жарышка камданууда.