Кыргызстанга коонду мыйзамсыз ташып келаткан жаран кармалды
Кыргыз-казак чек арасындагы “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрмө пунктунда Казакстандан алты тонна коонду мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылган жаран кармалды.
Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, Х.Ж. аттуу жаран ташып келаткан жүктүн документтери туура эмес экенин аныкташкан. Тиешелүү документтер толтурулуп Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка өткөрүлүп берилди. (КЕ)