Барак Обама республикачылар менен Трампты сындады
АКШ президенти Дональд Трамп америкалыктардын нааразылыгын пайдаланууга аракет кылууда.
Мындай билдирүүнү Кошмо Штаттардын мурдагы президенти Барак Обама Иллинойстогу университетте сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Бул тууралуу CNN телеканалы кабарлады. Обама өз сөзүндө Республика партиясын жана Ак үйдүн администрациясын сынга алды. Экс-президент Америка коомунда бөлүнүү жана улутчул маанай күчөп жатканын белгиледи.
“Мындай көрүнүш 2017-жылдагы Шарлотсвиллдеги башаламандыкка алып келди”, - деп билдирген Обама кодулоого жол бербөөгө чакырды. CNN бул сөздөр Трамптын дарегине айтылганын белгиледи. Буга чейин АКШ президенти Трамп Шарлотсвиллдеги башаламандыкка катышкан улутчулдарды айыптоодон баш тарткан.
Дональд Трамп Обама жүргүзгөн тышкы саясатын сындап келген. Трамптын пикиринде, мурдагы президент Орусия менен байланышты түзө алган эмес жана бул Крым аннексиясына жол берген.
АКШда кыска мөөнөттүү шайлоолорго карата кампания жүрүүдө. Шайлоо 6-ноябрга белгиленген. Анын жыйынтыгында сенаторлордун бир бөлүгү жана Конгресстин өкүлдөр палатасынын курамы толук өзгөрөт.
Экс-президент Барак Обама президенттик кызматтан кеткенден кийин саясий ишмердүүлүгүн дээрлик токтотуп койгон. Бирок алдыдагы шайлоодо демократтарды колдоп чыгууну чечкен.